ИНФОРМАЦИЯ

ссылки

Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо ыкмасын тандоо боюнча жолугушуу.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо тутумун өркүндөтүү иштеринин алкагында, 2020-жылдын 12, 13 – августтарында Каракол шаарында төмөнкү өкүлдөрдүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Каракол шаарынын мэриясы;
  • Каракол шаарынын “Суутүтүктөр” ишканасы;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл региондор аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Саламатык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл депардаментинин Ысык-Көл облусу боюнча борбору;
  • Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы;
  • Ичүүчү суу  менен камсыздоону жана саркынды суу тармагын өнүктүрүү департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү;
  • «Темелсу Интернэшнл Инжиниринг Сервисиз» долбоорлоо жана көзөмөл боюнча консультациялык компаниясы;
  • “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоорун башкаруу офиси.

Жолугушуу учурунда «Темелсу Интернэшнл Инжиниринг Сервисиз» долбоорлоо жана көзөмөл боюнча консультациялык компаниясы (Консультант) тарабынан, Каракол шаарындагы келечекте курула турган саркынды сууларды тазалоочу жайдын саркынды сууларды тазалоо боюнча альтернативдүү технологиясы жана аны тандоо боюнча презентация көрсөтүлдү.  Ошондой эле Консультант тарабынан берилген, тазаланган саркынды сууларды дезинфекциялоо ыкмалары боюнча маалыматы дагы каралды.

Презентация учурунда саркынды сууларды тазалоонун ар кандай технологиялары, алардын климаттык, экономикалык жана санитардык талаптарга ылайык артыкчылыктары жана кемчиликтери талкууланды. Жогорудагыларды эске алуу менен Консультант тарабынан Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо үчүн баштапкы чөкмө резервуарды колдонуу менен, 5 баскычтуу “Барденфо” процессин сунуш кылынды. Себеби бул тазалоо ыкмасы Каракол шаарынын шартында оптималдуу вариант болуп саналат. “Барденфо” процесси саркынды сууларды азоттон жана фосфордон тазалоодо жана КБП (БПК), КХП (ХПК) жана ВВ деңгээлин төмөндөтүүдө өзүн мыкты көргөзө алды. Мындан тышкары, бул процессти ысык жана муздак температурада эч кандай кыйынчылыксыз колдонсо болору айтылды. 

Жолугушууда каралган экинчи маселе, тазаланган саркынды сууларды дезинфекциялоо ыкмасы болду, Консультант тарабынан айтылгандай, дезинфекциялоонун эки түрү: хлордоо жана ультрафиолет бар. Бул ыкмалардын дагы артыкчылыктары жана кемчилиликтери талкууланды, ошондой эле бул эки ыкманын келечектеги эксплуатациялык чыгымдарын эсептөө сунушталды. Талкуунун жыйынтыгында дезинфекция үчүн хлордоо түрүн колдонуу кабыл алынды.