ИНФОРМАЦИЯ

ссылки

Ысык-Көл облусуна болгон таанышуу сапары

“Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоорунун алкагында, долбоорду ишке ашыруу иштери менен таанышуу максатында, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин, Долбоорду башкаруу офисинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусунун Каракол жана Балыкчы шаарларда иш сапары болуп өттү. Ошондой эле жогорудагы иш сапарга “Темелсуу Интернэшнл Инжиниринг Сервисиз” долбоорлоо жана көзөмөл жүргүзүү компаниясынын өкүлдөрү катышышты. 

5-июнда иш сапардын жүрүшү, Долбоорду ишке ашыруу агенттиги – Өкмөттүн Ыссык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү менен, андан соң Каракол шаарынын мэри менен жолугуп, сүйлөшүүдөн башталды. Бул жолугушууларга Каракол шаарындагы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери жана “Каракол суу түтүктөрү” ишканасынын жетекчилиги катышышты.

Таанышуу сапары Каракол шаарындагы Саркынды сууларды тазалоочу жайды жана канализациялык түтүктөрдүн курулуу иштери пландалып жаткан жерлерди көрүү менен улантылды. Андан соң таанышуу иштери №1 канализациялык насостук станция жана №4 канализациялык насостук станция  курула турган жерлерди жана суу топтоочу жайды көрүү менен улантылды.

6-июнда иш сапардын жүрүшү Балыкчы шаарында болду. Ал жерде “Балыкчы суу түтүктөрү” ишканасынын өкүлдөрү жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн Балыкчы шаарындагы тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте саркынды сууларду тазолоочу жай менен таанышуудан башталды. Андан кийин шаар ичиндеги пландалып жаткан канализациялык түтүктөр жайгаша турган жерлерде таанышуу өттү. Иш сапардын жүрүшүдө жана сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Каракол жана Балыкчы шаарларында курула турган канализациялык тазалоочу жайлардын жана шаар ичиндеги канализациялык түтүктөрдү жайгаштыруу боюнча долбоорлоо жана курулуш иштерин ишке ашыруудагы боло турган жумушчу учурлар талкууланды.